Япония Баткендеги жолдорду жакшыртуу үчүн акысыз негизде 48 техника берет

Коом 0

Бишкек, 26.06.24. /Кабар/. "Баткен облусунун автомобиль жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу" гранттык долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен TOYOTA TSUSHO CORPORATION компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлду.

Кол коюу аземи Токио шаарында өтүп, транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариев баштаган министрликтин өкүлдөрү катышты.

"Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан кайтарымсыз негизде каржылана турган бул долбоор жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, транспорттук логистиканы жакшыртуу, Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн, ошондой эле эл аралык маанидеги магистралдарды тейлөө үчүн жол-курулуш техникаларын колдонуу менен калыбына келтирүү жана реабилитациялык иштерди жүргүзүү потенциалын күчөтүү максатын көздөйт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, долбоордун алкагында 2025-жылы Кыргызстанга заманбап жол-курулуш техникалары (48 даана), анын ичинде асфальтобетон заводу жана таш майдалоочу жабдуу берилет.

Пикир

Оставить комментарий