• 87
  • 90.41
  • 0.84

Японияда өлкөдөн чыгып жаткандар салык төлөшөт

Дүйнө 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. Японияда 7-январдан тарта өлкөдөн чыкканга салык киргизилди. Анын өлчөмү 9 доллардан ашыгыраак болду. Бул тууралуу currenttime.tv жазат. Ал салыктар билеттердин наркына киргизилип, саякатчылар аны төлөө үчүн өзүнчө төлөм жүргүзбөйт.

Япониялык өкмөттүн чечимине ылайык, салыктан түшкөн каражат унаа кызматтарын жакшыртууга, өлкөнүн баалуу эстеликтери туууралуу маалыматтарды жеткиликтүү кылууга багытталат.

Маселен, өкмөт бажыдан өтүүнү тездетип, сейил бактар жана маданий эстеликтер тууралуу маалыматтарды көп тилге которууну көздөөдө.

Салык саякаттаган баардык улуттарга, анын ичинде Япониянын жарандарына да тиешелүү болот.

Эки жашка чейинки балдар, транзит менен өтүп бараткан жолоочулар жана мамлекеттик делегациянын курамындагылар мындай салыктан бошотулат.

Япониянын бийлиги бул жылы эле жаңы салык өлкөгө 460 млн. доллар киреше (50 млрд. иен) алып келет деп болжолдошууда.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Японияда 30 млн. киши болуп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий