• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Япониялык компания Кыргызстанга 100 млн долларга кичи ГЭС жана күн электр станциясын курат

Экономика 0

Бишкек, 10.09.2024 /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Японияга болгон иш сапарынын алкагында MurooSystems Corporation компаниясынын президенти Пак Pan Zhongxin менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар энегетика тармагында кызматташуу, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу, буга чейинки жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын талкуулашты.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында Энергетика министрлиги менен MurooSystems Corporation компаниясынын ортосунда Чоң-Кемин дарыясында жалпы кубаттуулугу 24-25 МВттык эки чакан ГЭСти куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду.

Мындан тышкары, Баткен облусунда кубаттуулугу 100 МВтка чейинки күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду.

Япон компаниясы Чакан ГЭС жана күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашырууга 100 млн долларга чейин инвестиция салууга убада берди.

Аталган документтерге энергетика министри Таалайбек Ибраев жана MurooSystems Corporation корпорациясынын президенти Pan Zhongxin кол койду.

Мындан тышкары, Таалайбек Ибраев MurooSystems Corporation корпорациясынын өкүлдөрү менен биргеликте Япониядагы Чакан ГЭСке барып, ГЭСтердин бетон дамбасынын курулушу, колдонулган материалдары, куруу технологиялары менен таанышты. Япониялык энергетиктердин айтымынды Япониядагы ГЭСтердин 60%нын дамбасы бетондоо ыкмасы менен жасалган.

Эске салсак, жакында эле эксперттер менен биргеликте Камбар-Ата-1 ГЭСнин дамбасын тандоо иш-чарасы өткөн. Анда эксперттердин көпчүлүгү бетон дамба курууну сунушташкан. Анткени, бетондон жасалган дамба сапаттуу жана көп жылга туруктуу болот. Министр Таалайбек Ибраевдин Япониядагы ГЭСтердин бетон дамбасы тууралуу маалымат жана кеңеш алганынын бирден бир себеби Камбар-Ата-1 ГЭСке бетон дамба курууну пландоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий