• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Япониянын Кыргызстандагы элчисинин миссиясы аяктады

Саясат 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамураныкабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыктын конкреттүү аспекттери талкууланды. Андан тышкары, эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселелери да каралган.

"2017-жылы Япония Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын жакшыртууга 5,7 млн. АКШ доллары өлчөмүндө жардам бергендиги ыраазычылык менен белгиленди. Чыңгыз Айдарбеков инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорду колдогондугу үчүн япон тарабына ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Япониянын Кыргызстандагы элчилиги билим берүү, саламаттык сактоо жана башка социалдык чөйрөлөрдөгү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган "Чөптүн тамырлары жана адам коопсуздугу" аттуу Япония Өкмөтүнүн Программасын натыйжалуу ишке ашырып жаткандыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий