• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ибраимов менен Кулматовдун иши: Күбөнүн келүүсүн камсыз кылуу максатында отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Бүгүн, 9-август күнү Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана дагы он кишинин иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сот күбөлөрдөн көрсөтмө алып, жаңы күбөлөрдү чакыруу үчүн отурумду жылдырды. Кийинки соттук отурум 14-август күнү өтөт.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий