• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ички иштер министринин орун басары Урмамбетов эл аралык онлайн форумга катышты

Коом 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Күн мурун, 9-декабрда Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов “COVID-19” коронавирусун алдын алуу жана көзөмөлдөө шартында коопсуздук боюнча чараларды көрүү, “Коопсуздук жана өнүгүү” эл аралык укук коргоо кызматташтыгы” аталышындагы видеоконцеренция форматында өткөн эл аралык форумга катышты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул бешинчи эл аралык форум Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин демилгеси менен өттү.

Форумдун максаты COVID-19 илдетине байланышкан чакырыктарга жана кырдаалга бирдиктүү аракеттерди көрүү, анын алдын алуу жана көзөмөлдөө шартында дүйнө мамлекеттеринин укук коргоо органдарынын арасындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, илдет менен күрөшүү, укук коргоо ишмердүүлүгүндөгү кызматташтыкты активдештирүүнү натыйжалуу талдоо жана талкуулоо болуп эсептелет.

Министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча
жүргүзгөн иш-чаралары жөнүндө маалымат берди.

Андан сырткары, эл аралык укук коргоо органдарынын кызматташтыгынын, өзгөчө COVID-19 пандемиясы менен күрөшүү шартында маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Андан соң, министрдин орун басары эл аралык форумдун уюштуруучулары менен катышуучуларына ыраазычылыгын айтып, мындан ары дагы ийгиликтүү кызматташууга даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий