Бишкек, 03.04.21./Кабар/. Бүгүн, 3-апрель күнү Ички иштер министрлиги өздөрүнө тиешелүү аймактарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча жумуштарын колго алды.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, министрликке тиешелүү аймактардагы бак-дарактардын жалбырактары, таштандылар тазаланды.
Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүктөрү тарабынан аймактарды көрктөндүрүү боюнча иш-чаралары жапырт колго алынгандыгы баса белгиленет.
Пикир
Оставить комментарий