Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинде пландык ротацияга ылайык кадрдык өзгөртүүлөр жүргүзүлдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, өзгөртүүлөр иштин натыйжалуулугун жогорулатууга жана башкаруу потенциалын жогорулатууга багытталган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен:
- Ногойбаев Азамат Болотбекович ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы академиясынын башчысы кызматына дайындалды;
Ички иштер министрлигинин буйругу менен:
- Абитов Тариел Таштанович ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы кызматына дайындалды;
- Акпаров Оролбек Абдималикович ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча башчысынын орун басары кызматына дайындалды;
- Осмонбеков Алмаз Танышбекович ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы кызматына дайындалды;
- Кочконов Жолболду Паязбекович Нарын облустук милициясынын башчысы кызматына дайындалды;
- Асаналиев Сапарбек Тилекович Нарын облустук милициясынын башчысы кызматынан бошотулуп, ардактуу эс алууга узатылды.
Пикир
Оставить комментарий