• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин сөздүгү жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Ички иштер министрилигинин Борбордук аппаратында “Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгүнүн” бет ачары өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана терминологиялык комиссиянын мүчөлөрү катышты.

Аталган сөздүк Кыргыз милициясынын тарыхындагы алгачкы жолу жарык көрүп жаткан эмгек. Бул сөздүк ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмү тарабынан түзүлдү.

Сөздүк алгач долбоор иретинде 2022-жылы жарык көргөн. Ал эми акыркы варианты 2023-жылы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы терминологиялык комиссиянын макулдугун алган соң басмаканадан чыгарылды.

Улан Ниязбеков сөздүктүн жарыкка чыгышына колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, министрликтин атайын сыйлыктары менен сыйлады.

Пикир

Оставить комментарий