Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-сентябрда Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук аскер кызматында волейбол спорту үчүн аянтчанын ачылышы болду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Иш-чарага Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчысы, полковник Исламбек Кенжекулов, Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагышев, федерациянын вице-президенти Жеңиш Казалаков, колбашчылыктын жана аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери жана чакырылган коноктор катышты.
Колбашчы Исламбек Кенжекулов волейболдун тарыхына жана анын Кыргызстандагы өнүгүү жолуна кайрылып, жаштарды тарбиялоодогу маанилүүлүгүнө токтолду.
Андан сырткары, Ички коопсуздук аскер кызматында волейбол спортун өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөндөргө терең ыраазычылыгын билдирди.
Салтанаттуу иш-чаранын аягында Ички коопсуздук аскер кызматынын аялдар командасы жана Бишкек шаарынын “Улар” курама командасынын ортосунда мелдеш уюштурулду.
Пикир
Оставить комментарий