Бишкек, 20.12.24./Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкекте III Элдик курултай өз ишин улантууда. Делегеттар өз аймактарындагы көйгөйлүү маселелерди, жарандардын үнүн жеткирүү үчүн жарыш сөзгө чыгышты.
Базар-Коргон районунан келген делегат Рахманжон Абдалов аталган районго суу сактагыч куруп берүүнү суранды.
Анын айтымында, суу сактагычты куруу менен азык-түлүк коопсуздугу, туризмди өнүктүрүү, балык чарбасын өнүктүрүү, жол маселелери, таза суу маселеси, элди үлүш жер менен камсыз кылуу жана миграция көйгөйлөрүн чечүүгө жол ачылат.
“Базар-Коргон районунун так ортосунан агып өткөн Кара-Үңкүр дарыясы бар. Бул дарыядан жылына 700-800 млн куб суу агып өтөт. Бул суу колдонулбаган маалда Өзбекстанга агып кетет. Ошондуктан, Кара-Үңкүр дарыясына куйган, Жазкечүү суусун бууп, суу сактагыч куруу зарыл деп эсептейм”, - деди делегат.
Ошондой эле ал эгерде суу сактагыч курулса, суунун көлөмү 200 млн кубка чейин көтөрүлөрүн билдирди.
“Анын арты менен сугат жана таза суу маселеси чечилмек. Антпесе райондун суу маселеси чечилбейт”, - деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 698 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.
Пикир
Оставить комментарий