Үстүбүздөгү жылдын 20-21-декабрында Бишкек шаарында мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай өтөт. Иш-чарага курултайдын делегаттарынан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн ведомстволук жетекчилери катышат.
Ал эми, 2024-жылдын 26-ноябрында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин отуруму өткөн.
Учурда административдик-аймактык реформадан кийин жергиликтүү кеңештерге шайланган депутаттар тарабынан III Элдик курултайга делегаттарды тандоо башталды. Кезектеги курултайга бөлүштүрүлгөн квоталардын негизинде өлкөнүн жети облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан, этникалык өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынан 700 делегат шайланат.
Албетте, курултайды өткөрүүдөгү негизги максат жана тартип Биринчи курултайда белгиленген боюнча калууда, бул - элдик бийликтин пайдубалын, улуттук аң-сезимди, кыргыз элинин биримдигин жана ынтымагын мындан ары бекемдөөгө, жарандык коомду консолидациялоого, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.
Садыр Жапаров бийликке келгенде эле курултай институтун кайрадан жандандырам деп жарыя кылганы коомчулукта ар кандай пикирлерди жараткан. Терс көз карашта экенин айткандар дагы болгон. Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда өткөрүлгөн элдик жыйындар өз максаттарына жеткен эмес. Себеби, бул курултайлар ошондогу бийликти мактап, коргоп келген. Курултайга делегаттар дагы кантип шайланганын эл алигиче эсинен чыгара элек.
Бүгүнкү курултай биринчиден эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө. Экинчиден, делегаттар көтөргөн көйгөйлөр, маселелер дароо чечилген аянтча. Себеби, бүгүн бийликтин ниети таза, тандалган делегаттар дагы таза инсандар. Ошондуктан, Элдик курултайга бүгүн ишеним пайда болуп, жыйынтыктары жемиштүү болууда. Садыр Жапаров Экинчи курултайда делегаттарга кайрылган сөзүндө, өлкөнү алдыга жылдыруу үчүн, диалогубуз уланыш керек деп белгилеген.
“Бүгүнкү курултай – жаңыланган диалогдун мезгили! Жаңы идеяларга шыктанган адамдардын үнүн угуп, жаркын келечегибизди аныктай турган маанилүү чечимдерди кабыл алууга убакыт келди! Кыргызстандын бардык жарандарынын кызыкчылыгын коргоо үчүн ар бирибизге чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Демек, биздин өсүп-өнүгүүгө, улуттун биримдигине болгон умтулуубуз, иш-аракетибиз эл алдындагы милдетибизге шайкеш келиши керек. Бүгүнкү делегаттардын арасында элибиз сыймыктанган жарандардын бар экени мени кубандырат. Элдин үнүн угуп, тилектерин айтып, жемиштүү жыйынтыктарга жол ача турган чечимдерди кабыл алалы деген жакшы ниет менен келдиңиз. Муну мен жана биздин өкмөт каалайт. Элдик курултайдан мазмундуу, конструктивдүү сунуштарды күтөм. Талкууга ар бир делегат активдүү катышып, кызыктуу ой-пикирлерди айтышы маанилүү. Азыркы өзгөрүп жаткан замандын жакшы жылдарында кыйынчылыктар жаралбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок бизде ынтымак бекем болсо, ынтымактуу иш кылсак, ар кандай тоскоолдуктарды жеңип, жалпы максатыбызга жете алабыз деп ишенем”, - деген Садыр Жапаров.
Азыркы Кыргызстандагы курултайдын маанисине жөнүндө коомдук жана саясий ишмер Токон Мамытов Курултай институту элдин ишенимине ээ болуп, мамлекет башчысы менен баарлашуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, башкача айтканда, мамлекеттик курулуш маселелерине таасирин тийгизип жатканын белгилейт.
"Элдик курултайдын негизги милдеттеринин бири – мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана сунуштарды берүү. Бул бийликти кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, элдин саясий процесстерге катышуусун күчөтүү жана тең салмактуулук системасын түзөт. Жарандарга өз өкүлдөрү аркылуу чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышууга мүмкүндүк берет. Бул түз демократиянын идеяларын чагылдырат.
Келечекте курултай Кыргызстандын саясий системасынын толук кандуу элементи катары өнүгүп, жарандардын өлкөнү башкарууга катышуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзө алат”, - деп эсептейт эксперт.
Ал эми азыркы шартта, курултайдын актуалдуулугу жана ишке жарамдуулугу элдин ишеними жана колдоосу менен аныкталат дейт саясий илимдердин кандидаты Жибек Абдикеримова. “Мындай элдик жыйындардын мамлекеттин турмушундагы ыйгарым укуктары же ролу жөнүндө каалагандай талаша берсе болот, бирок кептин баары жарандар менен мамлекет башчысынын түз, өз ара аракеттенүү системасы иштеп, өнүгүп жатканын бүгүнкү фактылар далилдеп турганын тана албайбыз.
III Элдик курултай мамлекет үчүн улуттук биримдикти чыңдоого, экономиканы жана маданиятты өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкөдөгү курч маселелерди чечүүгө жардам берген маанилүү окуя. Ал саясий процесстерге олуттуу таасирин тийгизет жана мамлекеттин алдында турган актуалдуу маселелерди чечүү боюнча сунуштарды жана стратегияларды иштеп чыгууга багытталган. Курултай жаңы реалдуулуктарга ыңгайлашып өнүгүүсүн улантканы маанилүү. Себеби, ал улуттук диалогдун жана өнүгүүнүн эң маанилүү аянтчасы катары өзүнүн маанисин жана актуалдуулугун сактап калууга мүмкүндүк берет”, - дейт Жибек Абдыкеримова.
Өз убагында айрым эксперттер курултай институту жөн эле сүйлөшүү деңгээлинде гана калат, бийликтин же оппозициянын куралына айланып кетет деп кооптонушкан. Бирок биз көргөндөй, Элдик курултай институту кыргыз мамлекетин жана коомун чыңдоого, туруктуу өнүгүүсүн колдоого, жашоонун сапатын жакшыртууга, улуттук кызыкчылыктардын айланасында коомду бириктирүүгө көмөктөшүп жатканына күбөбүз.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий