Бишкек, 21.12.24. /Кабар/. Бишкекте III Элдик курултай өз ишин улантууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, курултайдын биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча министрликке жазуу түрүндө 180 кайрылуу келип түшкөн.
Алардын мазмундары төмөнкүдөй:
- суу ресурстары боюнча-140;
- кайра иштетүү өнөр жайы - 14;
- кооператив - 3;
- жайыттар, асыл тукум мал чарбачылыгы - 21;
- ветеринария - 1;
- өсүмдүк өстүрүү - 4;
- жалпы мүнөздөгү суроолор - 4;
Ошондой эле жарыш сөзгө чыккан делегаттар тарабынан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча 105 суроо берилген. Анда сугат суу, ирригациялык каналдарды оңдоо, таза суу, жайыт, жергиликтүү продукцияны экспорттоо, кайра иштетүү, соода-логистикалык борборлор, тамак-аш коопсуздугу, минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу завод куруу боюнча маселелер көтөрүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий