• 87
  • 90.59
  • 0.86

III Элдик курултайга Ысык-Көл облусунан 51 делегат шайланат

Аймак 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. III Элдик курултайга Ысык-Көл облусунан 51 делегат шайланат. Бул тууралуу делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында айтылды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, жыйынга облус жетекчиси Данияр Арпачиев төрагалык кылып, акимдер жана мэрлер онлайн форматта катышты. Алар делегаттарды тандоо иштери белгиленген графикте жүрүп жатканын билдиришти.

Делегаттар облус аймагындагы жарандык коомдун жана жамааттардын сунуш-пикирлерин жеткирет деп күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, III Элдик курултай Бишкекте 20-декабрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий