• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ИИМ 2024-жылы жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында төрт ири долбоорду ишке киргизет

Коом 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында төрт ири долбоорду ишке киргизет. Бул тууралуу онлайн кеңешмеде айтылгандыгын ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн ИИМ башчысы Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан жаңы жылды тосуу мезгилинде коомдук тартипти сактоо жана элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана унаа кырсыктарынын алдын алуу тууралуу онлайн кеңешме өткөрдү.

"Азыркы учурда төрт чоң долбоорду ишке ашыруу үчүн келишимдерди түзүп, макулдашуулар өткөрүлдү. Министр кеңешменин жүрүшүндө долбоорлор тууралуу маалымат берди", - деп айтылат билдирүүдө.

Биринчи долбоор — Эксперттик-криминалистиканы чыңдоо, модернизациялоо жана потенциалын жогорулатуу боюнча “ДНК лаборотория” куруп, ишке киргизүүнү.

Экинчи долбоор — Санарип инфратүзүмдү жакшыртуу үчүн Ички иштер министрлигинин жана анын бардык түзүмдүк бөлүктөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган “Санарип булут” технологиясын, анын платформаларын түзүп, ишке киргизүү. Бул кадам, ыкчам маалыматтарды алууга жана жеринде иликтөөлөрдү жүргүзүү сапатын жакшыртууга чоң өбөлгө жаратат.

Үчүнчү долбоор — “Жеткиликтүү милиция” аталыштагы программанын алкагында “Милициянын көчмө кабылдамаларынын” ишмердигин күчөтүп, элди сервистик тейлөө сапатын кеңейтип, жаңы форматка чыгуу.

Төртүнчү долбоор — Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө актуалдуу маселеге айланган коркунучтар бар. Андыктан, элдин коопсуздугун туруктуу деңгээлде камсыздоо боюнча “Экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөшүү борборун” түзүүгө бел байлоо пландалууда.

Белгилей кетсек, онлайн режиминде өткөн кеңешменин ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын,
Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий