Бишкектеги түнкү башаламандык. Свердлов райондук милициясынын башчысы иштен алынды

Коом 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Бүгүн ИИМдин жыйындар залында ички иштер министри Улан Ниязбековдун катышуусунда коллегия өтүп, анда 2024-жылдын 13 жана 17-майындагы окуялардын маселеси каралды.

Эскерте кетсек, Бишкекте чет элдик жарандардын катышуусунда болгон мушташтан кийин баш аламандык болуп, чет элдиктердин жатаканаларына кол салуулар болгон.

Коллегияга ИИМдин, Бишке ШИИББнин, Бишкек шаарынын РИИБнин жетекчилиги жана укук тартибин камсыз кылуу милдети жүктөлгөн ИИБнын кызматкерлери катышты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев Бишкек шаарында болгон окуялар боюнча маалымат берди.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы милициянын полковниги Жолболду Кочконов 13 жана 17-майында болгон окуялар боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырды.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча корутунду чыгарылды.

ИИМдин коллегиясынын чечими менен ИИОнун бир катар жетекчилерине жана кызматкерлерине тартиптик жазалар берилди.

Алсак, бардыгы болуп 20 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Алардын ичинен Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын 10 кызматкери, анын ичинде башкармалыктын башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 10 кызматкери ар кандай тартип жоопкерчилигине тартылды.

2024-жылдын 13-майында тергөө-ыкчам тобунун курамында турган кызматкерлерге карата кызматтык иликтөөнүн чечими юридикалык баа берүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий