• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Айылдаштарын алдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Жер тилкесин берем деген шылтоо менен эки айылдашын алдап кеткен уюшкан кылмышту топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 40 жаштагы М.К. аттуу жаран Кара-Суу районунун жашоочуларын алдап кеткен.

Жабырлануучулардын айтымына караганда, өткөн жылы чала тааныш адам "жер тилкесин берем" деген шылтоо менен акча алган. Биринен 250 миң сом, экинчисинен 180 миң сом. Бирок шектүү сөзүнө турбай, жок болуп кеткен.

Арыз ээлеринин кайрылуусунун негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүнү өздүгү такталган. Ал Кара-Суу районунун жашоочусу 1983-жылы туулган М.К. болуп чыккан. Шектүү Бишкек шаарынын аймагынан кармалган.

Алынган маалыматтар боюнча, кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык чөйрөдө статуска ээ.

Кармалган жаран Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий