Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин ардагерлери өлкөнүн жолдорунда адам өмүрүн алган жол кырсыктарынын көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдиришти.
“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйын учурунда ардагерлердин бири Кулгелди Качкынбаев Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаал бир нече жылдан бери олуттуу тынчсызданууну жаратып келерин айтат.
“Жол-транспорт кырсыктары жалпы коомго дагы, айрым жарандарга дагы эбегейсиз моралдык жана материалдык зыян келтирүү менен бирге өлкөбүздүн экономикалык жана демографиялык өнүгүүсүнө өтө чоң терс таасирин тийгизип жаткандыгы баардыгыбызга белгилүү. Жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен эмгекке жарактуу курактагы адамдар өндүрүштөн четтетилип, эң өкүнүчтүүсү жаш балдар жана өспүрүмдөр каза болуп, көпчүлүгү ар кандай жаракаттарды алып жатышат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу өлкөнүн улуттук коопсуздугуна дагы коркунуч келтирген курч социалдык-экономикалык жана демографиялык көйгөйлөрдүн бири катары таанылды”, - дейт ал.
Качкынбаев белгилегендей, жол кырсыктарынын кесепетинен орточо эсеп менен бир жылда 750-800 адам каза тапса, 10 миңге жакын адам ар түрдүү жаракат алат. Андан сырткары, 7 миңдей транспорт каражатына, жол түзүмдөрүнө жана башка тармактарга көптөгөн материалдык чыгымдар келтирилет.
ИИМдин дагы бир ардагери Зарлык Алымовдун айтымында, 2018-жылы ИИМ Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте автомектептерди текшерген. Жыйынтыгында республикадагы катталган жана иштеп жаткан 235 автомектептин ичинен 135, башкача айтканда 60%ына жакын автомектеп талап кылынган стандарттарга жооп бербегени аныкталган.
“Ошол эле учурда, айрым автомектептерде ушул багыт боюнча билим берүү ишин жүргүзүү үчүн тиешелүү ресурстарга жана компетенцияларга ээ эместиги белгиленген. Мисалы, Бишкек шаарында 40 автомектеп айдоочуларды даярдоо боюнча иш алып барат. Бирок аларда окуп жаткан курсанттарга гана автодромдо практикалык сабактар өтүлөт”, - деди Алымов.
ИИМдин ардагери Калыс Темиров маалымдагандай, мындай көрсөткүч сапаттуу айдоочулук билим алууга жетишсиз.
Ошол себептен автодромдордун саны автомектептердин санына туура келбейт, натыйжада бул көрсөткүч окутууга жана айдоочулук көндүмдөрүн калыптандырууга формалдуу мамилени көрсөтүп турат жана жол-транспорт кырсыктарынын пайда болушуна шарт түзөт. Иштин мындай абалы лицензиялоо боюнча мыйзамдарынын жетишсиз деңгээлдигинин натыйжасында пайда болгон. Себеби Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан автомектептерге лицензиялар автодромду ижарага алуу келишиминин негизинде берилет. Ошол эле учурда бул автодромдун иш жүзүндөгү кубаттуулугу эске алынбайт. Ошону менен бирге айдоочулардын сапатсыз даярдалышы жана аларга айдоочулук укуктун берилиши үчүн автомектептер да, экзамендик ишти жүзөгө ашырган орган да жооптуу эмес экендигин белгилеп кетүү керек”, - деп айтат ал.
Темиров кошумчалагандай, өлкөдөгү айдоочулук курамдын сапатын жакшыртуу үчүн айдоочулук күбөлүк алуу, теориялык жана практикалык экзамендерди кабыл алуу функциясын тиешелүү ыйгарым укуктуу компетенттүү органга берүү керек.
Ардагерлер айдоочуларды сапаттуу даярдоо жана бирдиктүү көзөмөл жүргүзүү максатында өлкөнүн ар бир районунда бирден мамлекеттик кесиптик лицейлердин базасында кеңейтилген автомектептерди түзүү шарт экендигин белгилейт.
Ал эми дагы бир ардагер Олег Калинин билдиргендей, жол кырсыгынын негизги себептеринин бири – бул жол эрежелеринин сакталбашы. Алар жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу, мас абалында унаага отуруу жана карама-каршы тилкеге чыгуу.
Ардегерлердин маалыматына караганда, 2021-жылдын 6 ай ичинде республика аймагында 3 миңден ашуун жол-транспорт кырсыгы катталып, каза болгондордун саны 3 жүздөн ашып, жаракат алгандардын саны 5 миңден ашты.
Пикир
Оставить комментарий