• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

ИИМ башчысы башаламандыкта жарадар болгон милиция кызматкерлеринен кабар алды

Коом 0

Бишкек, 17.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков 5-6-октябрь күндөрү болгон окуяда жарадар болгон милиция кызматкерлеринин абалы менен таанышуу үчүн ИИМдин бейтапканасына барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

ИИМдин башчысы дарыланып жаткан бейтаптар менен сүйлөшүп, алардын абалы менен таанышып, кызматын өтөө үчүн тезинен жолдошторунун катарына кошулууларын каалады жана бардыгына тиешелүү медициналык жардамдар жана ар тараптуу материалдык жактан колдоолор да боло тургандыгын убада кылды.

Ички иштер министри кызматкерлердин толук сакайып кетишине болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумшаарын айтып, коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча кызматтык милдеттерин аткарган милиция кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирди.

"5-6-октярбь күнү өткөн башаламандык учурунда ички иштер органдарынын 626 кызматкери жарадар болгон. Анын ичинен учурда 176 кызматкер ооруканада. Калгандары амбулатордук жардам алууда. Улан Ниязбеков өз кезегинде бейтапканда иштеген дарыгерлерге дагы ыраазычылык билдирип, дарылап жаткан кызматкерлерге толук жана ар тараптуу медициналык жардамдарды үзгултүксүз берүүнү колго алыңыздар деди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий