ИИМ: Баткен облустук жол коопсуздугун камсыздаган бөлүмдүн башчысы изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Мициянын катарын паракорлордон, өз кызыкчылыктарын көздөп мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандардан тазалоо иштери уланып жатат, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатат.

Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароодон баш тартуу, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурууда.

Алынган ыкчам маалымат боюнча, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери мыйзамды бузган кызматкерди кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүштү.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39-130-беренесинин 1-бөлүмү ("Адам өмүрүнө кол салуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-мартында болжол менен саат 01:45 чамасында ИИМдин Ички иликтөө кызматы атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында Баткен облусу боюнча ички иликтөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү милициянын подполковниги Х.К. кармалган. Ал Бишкек шардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Андан сырткары, экинчи шектүү Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн начальниги, милициянын подполковниги М.Н. кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланып жатат.

"Ички иштер министрлиги коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу, милициянын катарынан коррупцияга аралашкан кызматкерлерден тазалоо боюнча иштерди улантып жатат", - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий