• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

ИИМ: Бишкекте 6,5 млн сомдук мефедронду сатууга аракет кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Бишкекте 6,5 млн сомдук мефедрон психотроптук затты сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте Казакстандан Кыргызстанга мефедронду жеткирүү каналына бөгөт коюшту.

Биргелешкен атайын операция жарым жылдын ичинде жүргүзүлүп, ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө 22 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалган.

“Ал ар бири 0,5 литрден турган төрт желим бөтөлкө түрүндө салынган мефедрон психотроптук затты жашырылган жерден алган. Алынган психотроптук заттардын таза салмагы 1 кг 194 гр түзгөн. Психикага таасир этүүчү баңгизаттарды сакталган жайдан алып, шектүү BMW үлгүсүндүгү кара түстөгү унаага жашынууга аракет кылган. Бирок ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалган”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган психотроптук заттан 7164 бир жолку дозадан ашык синтетикалык баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 млн 567 миң сом түшүшү мүмкүн эле.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү же сатуу”) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран Бишкектин №1 тергөө изоляторуна киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын тергөө аракеттери жана изин суутпай издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий