• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

ИИМ: Бишкекте балдар уурдалып жатат деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт

Коом 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Борбор калаада мектеп окуучуларын уурдаган белгисиз адамдардын тобу пайда болду деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, WhatsApp тиркемесине таркаган билдирүүлөрдө, мектептен чыккан окуучуну белгисиз бирөөлөр автоунаага салып кеткенин, айрым билдирүүлөрдө бир аял балдарды дарбыз менен азгырып уурдоого аракет кылып жаткандыгы айтылган. Милиция бул маалыматты текшерип, жыйынтыгында шаарда мындай фактылар катталбаганын аныктаган.

Демек, ал чындыкка дал келбей турганын билдирди.

ИИМ ата-энелерди дүрбөлөңгө түшпөөгө жана такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий