• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Бишкекте шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Бишкекте шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы катталды, - деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Бакай-Ата жаңы конушунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча бир талапкердин шайлоо штабынын жетекчиси Т.С., жана үгүттөөчүсү Т.Э., депутаттыкка талапкер үчүн үгүт иштерин жүргүзүү учурунда шайлоочуларды сатып алуу максатында конуштун тургундарына көмүр таратып жана ар бир добуш үчүн 2 миң сомдон бере тургандыгы да аныкталган.

Шайлоо штабынын жетекчиси Т.С., жана үгүттөөчүсү Т.Э., Свердлов РИИБне жеткирилип, суракка алынган.

Жогорудагы жарандардын даректеринде тинтүү иш-чарасы дагы жүргүзүлүп, шайлоочулардын тизмелери толтурулган бланктар жана кимге канча суммада акча берилген тизмелер далил катары алынды.

Учурда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү менен ("Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу") катталып, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий