• 87
  • 90.43
  • 0.88

ИИМ блогер Батма Жолболдуеванын кайрылуусу боюнча маалымат таратты

Коом 0

Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Ички иштер министрлиги блогер Батма Жолболдуеванын билдирүүсү боюнча маалымат таратты.

ИИМден билдиришкендей, Батма Жолболдуева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында түз эфир аркылуу кайрылуу жасап, Баткен РИИБнин убактылуу кармоо жайында камакта отурганда зордукталганын айткан. Кайрылуу учурунда көзүнө жаш алып, элдин назарын буруу аракетин жасаган.

"Батма Жолболдуева буга чейин тергөө убагында жана соттук териштирүүлөрдө зордукталгандыгы тууралуу эч кимге айткан эмес жана көрсөтмө берген эмес. Учурда Жолболдуеванын милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрдүм деген маалыматы боюнча Баткен облустук милициясында кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы: 2022-жылдын 25-мартында “Акипресс” маалымат агенттигинин журналисти, Баткен шаарынын тургуну Арзыгүл Галымбетова арыз менен кайрылган. Арызында “Батма-бат” ютуб каналында иштеген Батма Жолболдуева аттуу блогер аброюна шек келтирип, жаман уят сөздөр менен каралап жатканын, ошондой эле “түбүңө жетем” деген сөздөрдү айтып, коркутканын билдирип чара көрүүнү суранган. Арыз жазган Арзыгүл Галымбетова блогер аял менен чыр-чатактан соң ден соолугу начарлап, кечки саат 20:00дөр чамасында ооруканага жеткирилип, дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай ошол эле түнү каза болуп калган.

Бул окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси ("Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү") менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштеринин натыйжасында Батма Жолболдуева шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө Батма Жолболдуевага КР Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренесинде ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу"), 280-беренесинде ("Бейбаштык") жана 379-беренесинде ("Документтердин жасалмасын жасоо") көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери менен айыбы угузулуп, Баткен райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы камакка алуу түрү тандалган.

Тергөө иштери аяктап Батма Жолболдуевага карата козголгон кылмыш иши соттук кароого жиберилген.

2023-жылдын 22-майында Баткен облустук сотунун өкүмү менен күнөөлүү деп таап, 50 миң сом айыпка кириптер болуп, 1 жылга пробациялык көзөмөл белгиленген.

Андан сырткары, Батма Жолболдуева 2024-жылдын 6-февралында Жалал-Абад шаарындагы “Хурма” кафесинде Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгерин шантаж кылуу жолу менен 25 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Бул окуя боюнча Батма Жолболдуеванын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен соттук кароого жөнөтүлгөн. 2024-жылдын 28-июнунда Жалал-Абад шаардык соту тарабынан КР Кылмыш жана жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен күнөөлүү деп табылып, 30 миң сом мамлекеттин пайдасына айып салынган.

Пикир

Оставить комментарий