• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Быйыл 10 айда мүлктү уурдоо боюнча 15,4 миң кылмыш иши козголгон

Коом 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. 21-22-ноябрда республиканын аймагында "Ууру" аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу, ички иштер органдарынын тартылган бөлүктөрүнүн күчтөрүнүн жана каражаттарынын эсеби түзүлдү.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан рейддик алдын алуу иш-чараларынын максаты кылмыштуулукту алдын алуу жана криминогендик абалды жакшыртуу, уурулук боюнча адистешкен кылмыштуу топторду аныктоо жана бетин ачуу, уурдалган мүлктү мыйзамсыз сатып алууга катышкан адамдарды аныктоо болуп саналат.

Эки күндүк иш-чарага кылмыш иликтөө бөлүктөрү, коомдук коопсуздук кызматтары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрү жана башка кызматтар тартылды.

Жогорудагы өткөрүлүп жаткан иш-чаранын негизги тапшырмаларынын бири-мүлккө кылмыштуу кол салуулардан мыйзамдуу коргоонун каражаттары жана ыкмалары жөнүндө түшүндүрүү жана маалымат берүү. Буга уюмдардын, айрым объектилердин, анын ичинде бизнес объекттеринин материалдык-техникалык жактан бекемдигин камсыздаган түн ичинде аймакты жарыктандыруу, эшиктерди бекемдөөнүн абалы, кулпулардын ишенимдүүлүгү, сигнализация тутумун орнотуу кирет.

2023-жылдын 10 айында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан башка бирөөлөрдүн мүлкүн уурдоо боюнча 7 миңден ашуун фактылардын бети ачылган. Ошого карабастан көптөгөн уурулуктардын бети ачыла элек.

10 айдын ичинде мүлктү уурдоо боюнча 15 миң 460 кылмыш иши козголуп, 240 кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Уурулук фактылары боюнча 2900дөн ашык адам кармалып, мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопко тартылууда. Мүлктү уурдоонун натыйжасында келтирилген зыяндын орду 289 млн 393 миң сомдон ашык.

Пикир

Оставить комментарий