• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

ИИМ: Быйыл өспүрүмдөр тарабынан жасалган 300дөн ашуун кылмыш тергелди

Коом 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. 2022-жылдын төрт айында жашы жете электер тарабынан жасалган 300дөн ашуун кылмыш тергелди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыштын көбү Бишкек, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында катталган. Иликтөөнүн жыйынтыгында 100дөн ашуун иш соттун кароосуна жиберилген.

Быйыл жалпы билим берүү мекемелеринде 6 миң 930 алдын алуу иштери жүргүзүлгөн. Мындан сырткары, өспүрүмдөр арасында 393 рейддик иш-чара өткөрүлгөн. Рейддин жүрүшүндө 3 миң 957 өспүрүм аныкталган, анын ичинен 213ү кайырчылык менен алектенип жүрсө, төртөө спирт ичимдиктерин ичип жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий