• 87
  • 90.41
  • 0.84

ИИМ чоңдорду балдарга кам көрүүгө жана аларды коргоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Ички иштер министрлиги ата-энелерди жана чоңдорду балдарга кам көрүүгө жана аларды кароодо сак болууга чакырат.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Балдарды коргоо күнү чоңдордун көңүлүн баланын укуктарын коргоо жана балдар көйгөйлөрүнө буруу максатында майрамдалат.

«Биз жылдын бир эле күнү эмес, ар бир күн, саат, мүнөт сайын кунт коюп көңүл бурушубуз керек. Балаңызды кыйынчылыктардан сактоо үчүн убакыт жана көңүл бурууңуз абзел. Ата-энелерден суранабыз балдар менен анын иштери, окуудагы жетишкендиктери, достору менен болгон мамилелери жана айлана-чөйрөсү, кызыкчылыктары жана кызыгуулары жөнүндө, барган жерлери, кино, музыка тууралуу баарлашып туруңуздар. Жол коопсуздугунун эрежелери, бейтааныш адамдар менен баарлашуунун зыяндуулугу жана күнүмдүк коркунучтар жөнүндө системалуу түрдө сүйлөшүп туруңуздар»,-деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Ар бир бала төмөнкүлөрдү билиши керек:
- тааныш эмес адамдар менен байланышканда этият болуп, алар менен сүйлөшпөй, буюмдарды бербей жана эч кандай учурда аларды эрчибеши керек;
- кеч убакытка чейин жүрүүгө болбойт;
- ээн жерлерге, курулуш объектилерине барбай, жер төлөлөрдөн, чердактардан, кароосуз калган жерлерден алыс болушу керек;
- жүргөн жери жөнүндө билдирип, телефонду өчүрбөшү керек;
- тааныш эмес адамдар менен жолугушууга барганга болбойт;
- жанында чочун адамдардын көңүлүн бура турган көп суммадагы акча жана кымбат баалуу буюмдарды алып жүрбөшү керек;
- спирт ичимдиктерин, тамеки чегүүчү аралашмаларды, баңги заттарды жана башка шектүү заттарды, спирт ичимдиктерин колдонгондон алыс болушу керек.

«Ата-энелер эгерде сиздин балаңыз кечигип калса, чалууларга жооп бербей жатса, анын кайда жүргөнүн билбей, өз алдынча издөөнү баштоодон мурун ички иштер органдарына тез арада 102 номерине чалып байлашыңыздар. Балдарга кам көрүңүздөр, ташбоор мамиле кылбаңыздар!»,- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий