• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

ИИМ: Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстанда 11 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүнө карата 11 миңден ашык милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдириштию

Маалыматка ылайык, 30-августтан 1-сентябрга чейин КР Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ИИМдин өздүк курамы "Жогорулатылган" күжүрмөн даярдык баскычында кызмат өтөөгө өтөт.

"Учурда жер-жерлерде саптык кароолор өткөрүлүп, анда милиция кызматкерлеринин сырткы келбети, кызматтык форманы белгиленген тартипте кийип жүрүүсү, кызматтык документтери текшерилип жатат", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, ар бир аймактарга жооптуу жетекчилер бекитилип, кызматкерлерге кызматтык милдетти так аткарып, жарандар менен сылык мамиледе болуп, мыйзамдуулукту сактоо боюнча нускамалар жеткирилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий