• 87
  • 90.41
  • 0.84

ИИМ эскертет: Соцтармактарда жалган маалымат тараткан жарандар жоопкерчиликке тартылат

Коом 0

Бишкек. 03.05.19 /Кабар/. Кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалымат тараткан жарандар жоопкерчиликке тартылат. Мындай эскертүүнү Ички иштер министрлиги таратты.

Акыркы учурда WhatsApp мессенжеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалыматтарды жайылткан учурлар кездешүүдө.

Милиция эскертет, кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалымат тараткандар Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий