• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

ИИМ: Кыргыз-казак аракеттеринин жыйынтыгында баңгизат сатуучулардын эл аралык тобу жок кылынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте эки өлкө аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген жана чек ара аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

ИИМден билдиришкендей, алдын ала малыматтарга ылайык, баңгизат каражаттары Тажикстандан Кыргызстан жана Казакстанга кылмышкерлер тарабынан таркатылган.

Кылмыштуу топ бир нече түзүмдүк бөлүнүштөрдөн туруп, алардын функциялары так бөлүштүрүлгөн.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан үстүбүздөгү жылдын жай айында атайын операциянын жыйынтыгында Чүй облусунун аймагынан жогоруда аталган баңгилик топтордун мүчөлөрү кармалып, аларга тинтүү жүргүзүү учурунда Афганистанда өндүрүлгөн 736 грамм апийим жана 4 кг жакын гаши баңгизат каражаттары алынган.

Казакстандын аймагында мындан аркы биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү учурунда баңгилик топтун мүчөсү жана ал топтуу уюштуруучу Тажикстандын жараны кармалып, андан Афганистанда өндүрүлгөн 7 кг 200 грамм апийим жана 1 кг 100гр гашиш баңгизат каражаттары алынган.

Учурда ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий