• 87
  • 90.58
  • 0.83

Баткенде чек арадагы жаңжалды иликтөө жана келтирилген чыгымдарды эсептөө боюнча 52 ыкчам топ иштөөдө

Аймак 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8-майына карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек арага чектеш айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө.

Кыргыз Республикасын ИИМдин "Шер" атайын багыттагы отряды менен УКМКнын Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын дайындоодогу отряды күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө.

Эскерте кетсек, Баткен облусунда Бишкек, Ош шаарларынан, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан жөнөтүлгөн ыкчам-тергөө топтору иштеп жатат.

Бүгүнкү күндө 52 ыкчам-тергөө тобу чыгымдарды тактоо боюнча иштерди жүргүзүп, тажик тараптан курал колдонулганы жөнүндө далилдерди документтештирип, топтоодо.

Андан сырткары, милиция кызматкерлери жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүп жатат. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик чек тилкесинде абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий