• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда 45 бинардык опцион жабылып, кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда 45 бинардык опцион жабылып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында бинардык опциондорго жамынган 45 оюн-зоок жайы иштеп, аларда интернет аркылуу виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулган. Алар бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, компьютердик техникалар алынды.

Учурда Бишкек, Ош шаарларында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45 мекеме жабылды. Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий