• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

ИИМ кызматкерлери Россияда эл аралык тактикалык машыгууларга катышууда

Коом 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин өздүк курамы Россиянын Новосибирск шаарында өтүп жаткан Кобальт-2024" эл аралык атайын тактикалык машыгуулары катышууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, ИИМдин өздүк курамында Атайын багыттагы полкунун өздүк курамы жана Ички аскерлердин кызматкерлери бар.

Аталган тактикалык машыгуу укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн заманбап коркунучтар жана чакырыктар менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтыгын чыңдоого багытталган.

Машыгууга төмөнкү контингенттер катышууда:

- ЖККУга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрү;
- Беларусь, Кыргызстан жана Тажикстандын Ички иштер министрликтери;
- Казакстан Республикасынын Улуттук гвардиясы жана Росгвардия;
- Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү;
- Беларусь, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
- ЖККУнун Катчылыгынын жана Бириккен штабынын ыкчам топтору.

Машыгууну бирдиктүү ыкчам-стратегиялык өңүттө өткөрүү болжолдонууда. Атайын машыгуулардын мөөнөттөрү, максаттары жана милдеттери, бул операцияларды даярдоо жана өткөрүү маселелеринин бүтүндөй комплексин, анын ичинде түзүлгөн аскердик-саясий кырдаалды деталдуу талдоону, операцияларды пландаштырууну, камсыздоонун бардык түрлөрүн уюштурууну системалуу иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Машыгуу 13-августтан 16-августка чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий