• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

ИИМ өлкө аймагында "Бирдиктүү терезенин" кошумча 6 пунктун ачууну көздөөдө

Аймак 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Ички иштер министрлиги 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкө аймагында "Бирдиктүү терезе" режими боюнча иштей турган кошумча 6 пункту ачууну көздөөдө. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар Нарын облусунун Жумгал райондук милициясында, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп райондук милициясында, Талас облусунун Талас райондук милициясында, Ош облусунун Араван райондук милициясында, Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук милициясында ачылышы каралууда.

Азыркы учурда республика боюнча "Бирдиктүү терезе" режими боюнча иштеген 31 пункт бар.

"Бирдиктүү терезе" принциби боюнча кызмат көрсөтүү үчүн ачылып жаткан борборлор, ИИМден ар кандай тактамаларды жана уруксат берүүчү кагаздарды жеңилдетилген түрдө алууну көздөйт. Бул борборлор Кыргызстандын аймагында соттолгондугу жоктугу жөнүндө тактамаларды, апостилдерди, кооптуу жана жарылгыч жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын жана башка тактамаларды берүү боюнча кызматтарды көрсөтүп келет.

Акы төлөө кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы:

- 3 күн ичинде берилсе – 86 сом;

- 1 күн ичинде берилсе – 191 сом.

Бекер негизде берилсе - 7 күндүн ичинде берилет.

Пикир

Оставить комментарий