• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ИИМ: Милиция кызматкерлерине Жаңы жылдык концерт уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Келе жаткан Жаңы 2022-жылга карата Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында милиционерлер үчүн майрамдык концерт уюштурулду.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, министрликтин өздүк курамын ички иштер министри Улан Ниязбеков куттуктады.

Ошондой эле милиция кызматкерлерин “Кыргыз Республикасыны Генералдар клубу” Коомдук бирикмесинин төрагасы, отставкадагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев жана ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, отставкадагы милициянын полковниги Султан Жоошбаев куттуктап, милиция кызматкерлерине каалоо-тилектерин айтышты.

Пикир

Оставить комментарий