• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Орхан Инандыны издөө боюнча күчөтүлгөн ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө боюнча күчөтүлгөн ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-июнда таңкы саат 4:20 да Октябрь РИИБне 12- кичирайондо жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын астынан эшиктери ачык "Lexus GX470" үлгүсүндөгү автоунаа табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Октябрь РИИБнин ыкчам-иликтөө тобу барып иликтөө жүргүзгөн учурда автоунаа “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга таандык экендиги аныкталып, анын уулу Ю.К. атасын таап берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган.

Арыз ээсинин маалыматы боюнча, Орхан Инанды жогорудагы автоунаа менен жүргөндүгүн жана акыркы жолу 31-май күнү болжол менен кечки саат 18:00дөр чамасында байланышка чыккандыгын маалымдаган.

Жогорудагы факт КР Жазык кодексинин 170-беренеси боюнча (“Адам уурдоо”) кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында ИИМ, Бишкек ШИИБ, Октябрь РИИБден тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлер менен тергөөчүлөрдөн турган ыкчам-иликтөө тобу түзүлүп, бөлүнгөн аймактар боюнча Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жана издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий