ИИМ: Пара талап кылууга шектелип сот аткаруучу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Бишкекте пара талап кылууга шектелип сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот аткаруучунун мыйзамсыз аракеттерин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Төртүнчү башкармалыгы сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн кызматкери аныкташкан.

Милицияга Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылып, Биринчи май районунун сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн сот аткаруучусу чет өлкөлүк паспортту жасатууга арналган документтерди тапшыруу үчүн уруксат алууга акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Такталган маалымат боюнча, 2023-жылдын жайында сот аткаруучу жабырлануучу аялдан (ID-карт) паспорт алууда маселени оң жагынан чечүү үчүн АКШ доллары түрүндө пара талап кылган. Ал сумманы дагы алган.

Бир аз убакыт өткөн соң жабырлануучу аял чет өлкөлүк паспорт алуу үчүн сот аткаруучуга кайрылганда, ал кайра акча каражатын талап кылган. Кийинчерээк, талап кылып жаткан акчанын суммасын азайткан.

Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Пара талап кылуу" менен кылмыш иши козголуп, анын негизинде тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Талап кылынган акча каражаты электрондук капчык аркылуу которулган.

Ушул жылдын 15-февралында Биринчи май районунун сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн сот аткаруучусу кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармолочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий