• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ИИМ: Республика боюнча “Ууру” ыкчам алдын алуу иш-чарасы башталды

Коом 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралдан баштап ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын демилгеси менен республиканын бардык аймагында “Ууру” комплекстүү ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы башталды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Рейддик иш-чаранын максаты кылмыштарды алдын алуу, криминогендик абалды жакшыртуу, уурулук менен алектенген кылмыштуу топторду аныктоо жана бөгөт коюу. Андан сырткары, уурдалган мүлктөрдү сатуу менен алектенгендерди аныктоо иштери жүргүзүлөт.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын башкы тапшырмаларынын бири өздүк мүлккө кылмыштуу кол салуудан коргоонун ыкмалары жана жолдору тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Пикир

Оставить комментарий