• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

ИИМ: Россияда дайынсыз жоголгон 5 кыргыз жараны табылды, экөө изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү ушул жылдын январь айында дайынсыз жоголгон 5 жаранды табышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

КР ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь айынын башында 7 жаран өкүлчүлүккө кайрылып, Россия Федерациясынын аймагында эмгектенип жүргөн туугандары дайынсыз жоголуп, байланышка чыкпай жаткандарын билдиришип, аларды издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан.

“2021-жылдын январь айында биздин өкүлчүлүк Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын аймактык бөлүктөрү менен биргеликте дайынсыз жоголгон мекендештерибиздин кайда жүргөндүгүн аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында туугандары издеп жүргөн 5 жаран табылган. Дагы эки жаран изделип жатат”, - деп айтылат маалыматта.

ИИМ өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында биздин жарандарга жардам көрсөтүү, Россия Федерациясынын аймагында дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча чоң иштерди жасап келишет. Ар кандай жагдайлар менен байланышы үзүлгөн туугандарын табуу суранычы менен көптөгөн кайрылуулар келет. Жакында эле Өкүлчүлүк 16 жылдан бери дайынсыз жоголду деп эсептелген кыргызстандыкты табышкан.

Пикир

Оставить комментарий