• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ россиялык ММКнын "тажик жарандары туткунга алынган" деген маалыматын төгүндөдү

Коом 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги россиялык ММКнын "тажик жарандары туткунга алынган" деген маалыматын төгүндөдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, россиялык "Независимая газета" басылмасы 14-март күнү саат 16:00дө "Кыргыз айылынын тургундары 60 тажикти туткунга алды" деген аталыштагы макаласын жарыялаган.

Анда, ал эки өлкөнүн чек арасында дагы бир жаңжал болгонун жазган.

"Анын жыйынтыгында бир нече адам каза болду. Кырктан ашыгы жаракат алып, ондогон адамдар Исфара-Ворух жолунда туткунга алынган", - деп жазат аталган басылма.

ИИМ аталган маалымат жалган экенин жана туткунга алуу фактысы болбогонун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий