• 87
  • 91.29
  • 0.84

ИИМ: Түндө коменданттык саат учурунда тартип бузган 147 жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. 31-марттан саат 20:00дөн тартып 1-апрель таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 147 жаран кармалып, 12 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын ичинен;

• Бишкек шаары боюнча - 119;

• Ош шаары боюнча - 2;

• Жалал-Абад шаары - 10;

• Сузак районунда - 8;

• Кара - Суу районунда - 8 жаран кармалып, ИИМдин райондук бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

Кармалгандардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилген.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыктарына ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилип, саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий