• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

ИИМ: Түрмөдө опузалап акча талап кылган соттолуучулар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Түрмөдө опузалап акча талап кылган соттолуучулар аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте эркинен ажыратылган жайларда акча каражатын опузалап талап кылуу фактыларынын бетин ачуу боюнча биргелешкен ыкчам-тергөө иш-чараларын өткөрүштү.

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери узак мөөнөткө соттолуп, жазасын өтөп жаткан адамдар эркиндикке чыгып жаткан жарандан акча каражатын опузалап жаткандыгы тууралуу маалымат алышкан.

Алар шантаж жана коркутуу жолу менен өздөрүнө уюлдук телефон сатып алууну талап кылышкан. Бул факт боюнча Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Опузалап жаткандардын талабы боюнча, тез арада төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген тиркемелерди жүктөлгөн телефон эркиндикке чыккан адамдын атына катталуусу керек болгон. Бул телефондор алдамчылыкка байланыштуу кылмыш иштерин, пландарды ишке ашыруу максатында жасалышы мүмкүн.

Бул кылмыш ишинин бетин ачуу максатында сатып алынган телефондор белгисиз жаранга (кийинчерээк опузалоочулардын биринин тууганы экени аныкталган) берилген жана ал ИИМдин жана ЖАКтын кызматкерлери тарабынан кармалган. Жеке текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган адамдан эки уюлдук телефон табылып алынган.

Маалыматтарга караганда, опузалап талап кылууга шектелген жарандар А.Э. жана У. С. оор кылмыштары үчүн соттолуп, узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Учурда опузалап акча талап кылуу фактылары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий