• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

ИИМ террордук акт жөнүндө жалган кабар бергендер жоопкерчиликке тартыларын эскертет

Коом 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Ички иштер министрлиги билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабар бергендер кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы учурларда мамлекеттик органдардын, жалпы билим берүү мекемелеринин, ири соода борборлорунун жана аэропорттордун имараттарында бомба коюлгандыгы тууралуу атайылап жалган кабарлар келип жатат. Бул коомдук коопсуздукка коркунуч келтирет. Мындай жалган кабарлар турмуштун нормалдуу ыргагын бузуп, мекеме-уюмдардын ишин үзгүлтүккө учуратып, коопсуздук үчүн жарандарды эвакуациялоону талап кылат.

Мындай учурларда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттери жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна чыныгы коркунучтун болушун алдын алууга багытталып, мүмкүн болуучу терс кесепеттерге жол бербөө максатында тыкыр текшерүүлөр жүргүзүлөт. Бул укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик кызматтардын күчтөрүн жана каражаттарын түздөн-түз милдеттерин аткаруудан мажбурлап алаксытууга алып келүүдө.

Ушундай учурлар, тактап айтканда террордук акты жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо фактылары ички иштер органдары тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.

Террордук акт жөнүндө жалган маалымат келип түшөрү менен ал жасалган кылмыш деп эсептелет. Мындай жалган маалыматтар үчүн эркинен ажыратууга чейин алып келерин эскертебиз. Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесинде ("Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо") көрсөтүлгөндөй, билип туруп даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө жалган кабарлоо — бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Пикир

Оставить комментарий