ИИМ: Токмокто Кыргызстандагы диний кырдаал боюнча семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Чүй облусунун Токмок шаарында Кыргызстандагы диний кырдаал боюнча семинар өттү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага шаардагы коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү болгон аксакалдар кеңештеринин, аялдар кеңештеринин, жаштар комитеттеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин, мугалимдердин башка жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнүн жана ИИОнун аймактык кызматкерлери катышкан.

Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучуларга “Экстремизм, терроризм, радикализм түшүнүктөрү жана келип чыгуулары”, “Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “КРдагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы”, “Жаш өспүрүмдөр жана жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу”, “Интернет тармагындагы ачык булактарды колдонуунун, изилдөөнүн усулдары, диний экстремизмди жана терроризмди алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун жаштар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү” темаларында атайын даярдалган баяндамаларды, видеороликтерди, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар берилди.

Ошондой эле катышуучуларга экстремизм жана терроризм багытында даярдалган атайын буклеттер, эстеткичтер таратылды.

Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер угулду. Берилген суроолордун басымдуу бөлүгү коомдук алдын алуу борборлорунун ишин уюштуруу, алардын компетенциясы, диний экстремизм жөнүндө болуп, алдын алуу боюнча иш-чараларды жергиликтүү мамлекеттик, өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү коомдук алдын алуу борборлору менен бирге жүргүзүү абзелдигин талкуулашты.

Иш-чаралардын аягында катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмди алдын алуу жатындагы мыйзамдуу так маалымат алуу жана малымдоо булактары көргөзүлдү.

Семинар ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын демилгеси менен өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий