Бишкек, 28.12.17. /Кабар/. ЖК депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча башкы шектүү кармалды,-деп билдирет КР ИИМнин басма сөз кызматы.
Кечээ, 27-декабрда түнү милиция кызматкерлери тарабынан У.Саляновдун өлүмүнө шектүү адам кармалган. Ал Бишкек шаарынын тургуну 1986-жылкы “Э.О.” болуп чыккан. Шектүү Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Шектүүнү текшерүү маалында 17 огу менен “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча табылган. Алынган тапанча экспертизага жөнөтүлдү. Кармалган шектүү күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмөлөрүн берүүдө. Учурда кылмышка катыштыгы барларды кармоо үчүн ыкчам иш-аракеттер жүрүүдө.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылы 6-ноябрга караган түнү түнкү саат 01:30 чамасында бир нече беткап кийген белгисиз адамдар Көк-Жар айылында жашаган Улан Саляновдун үйүнө бастырып киришкен.
Алдын ала болжолдуу маалыматка караганда кылмышка шектүүлөр 42 жаштагы Улан Саляновго эки жол ок чыгарып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Жабыркаган Салянов аймактык ооруканага жеткирилген соң каза болгон. Кол салуу болгон учурда үйдө 42 жаштагы үй ээси, жубайы жана 17 жаштагы уулу болгон. У.Салянов депутат Аида Салянованын бир тууган иниси болот.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголгон.
Пикир
Оставить комментарий