• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ИИМ: Өзгөчө абал мезгилинде соттор иштебейт

Коом 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Өзгөчө абал мезгилинде соттор иштебейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифингде КР ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өзгөчө абал мезгилинде соттук система толугу менен иштеп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

"Соттор 10-апрелге чейин жумуштарын токтотушкан. Учурда соттордун нөөмөттө турган гана кызматкерлери иштеп жатат”, - деп билдирди министр Кашкар Жунушалиев.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

30-мартка карата Кыргызстанда 94 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда - 49, Ош облусунда - 33, Бишкек шаарында - 7 , Чүй облусунда - 3, Баткен облусунда - 1, Нарын облусунда - 1 учур. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.

Пикир

Оставить комментарий