• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ИИМ: Жаңы жыл түнү республика аймагында тынч өттү

Коом 0

Бишкек, 01.01.23./Кабар/. Жаңы жыл түнү республика аймагында тынч өттү, деп билдирет ИИМдин маалымат кызматы.

ИИМдин ички иштер органдарынын жана ички аскерлердин бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан коомдук тартип толук көлөмдө камсыздалып, олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок.

Республика боюнча абал тынч. Азыркы учурда өлкөдөгү абал туруктуу, милиция кызматкерлери тартипти сактоо, кылмыштарды алдын алуу жана бетин ачуу боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсү улантууда.

ИИМ жарандарды жоопкерчиликке жана мыйзамдуулукту сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий