• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ИИМ жарандарды күмөндүү телефон чалуулардан сак болууну эскертет

Коом 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарды күмөндүү телефон чалуулардан сак болуулары керек экендигин эскертет.

Интернет глобалдык маалыматтык-коммуникациялык тармак болуп саналганы менен ошол эле учурда маалыматтык технологияларды колдонууга байланыштуу кылмыштардын кескин өсүшүнө шарт түзүүдө.

Жарандар алдамчылардын торуна түшүп калбаш үчүн эмнелерге маани берүү зарыл? Алдамчылар оңой эле ишенимге кирип, тигил же бул кызматтарды жана мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап, жарандардан акча каражаттарын алдап алып, опузалап талап кылуу менен алектенишет.

Телефондорду пайдаланып адамдарды алдоо менен алектенгендер көбөйүүдө. Мындай жагдайларга кабылбаш үчүн ИИМ бир катар кеп-кеңештерди айтып берди:

  • алдамчылар адатта түздөн-түз төлөө ыкмасы жөнүндө сүйлөшүүгө өтүшөт, банк картасынын толук реквизиттерин, жарактуулук мөөнөтүн жана кодун атоону, төлөм жүргүзүү үчүн зарыл болгон уюлдук телефонго сизге келе турган ар кандай коддорду кабарлоону суранышат;
  • чоочун адамдар кандайдыр бир уюмдан экенин билдирип, телефон чалып же маалымат жөнөтүп, жашыруун коддорду атоону суранып, айрым маалыматтарды алуу үчүн жарандарды алдоого аракет кылышат;
  • каржылык мекеменин атынан интернет шилтемеси бар SMS алсаңыз, шилтемени ачпаңыз жана SMSке жооп бербеңиз. Чабуулчулар муну менен жашыруун кирүү коддоруңузду билип алууга аракет кылышат;
  • банктар же кандайдыр бир каржы институттары шилтемелер менен SMS жөнөтүшпөйт;
  • кылмышкерлер алдамчылыктын бардык жаңы түрлөрүн ойлоп табат. Мисалы, сизге уюлдук компаниянын инженеримин, уюлдук байланыш оператору болом деп өзүн тааныштырган адамдан телефон чалуу келет. Анан алар уюлдук линияны текшерип, сандар менен символдордун комбинациясын басууну суранышат. Алар сунуштаган сандарды же символдорду баспаңыз. Бул сиздин акча каражатыңыз сакталуучу картаңызга кирүү аракети болушу мүмкүн. Мындай учурларда, сиз дароо сүйлөшүүнү токтотушуңуз керек.

Пикир

Оставить комментарий