ИИМде 6 айдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Бүгүн ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан алты айлыкты ийгиликтүү жабуу жана жүргүзүлүп жаткан коопсуздук иш-чаралары тууралуу онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Министр онлайн кеңешменин жүрүшүндө элдин коопсуздугун жакшыртып, кылмыштын келип чыгуу себептерине бөгөт коюу, санарип тармагын өнүктүрүп, жарандардын коопсуздугун жаңы деңгээлге чыгаруу, өздүк курамга иштөө шарттарын түзүп, ар бир ички иштер бөлүмү калыстыктын жана адилеттиктин жайы болуусуна басым жасоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал кызматкерлердин таалим-тарбиясын чыңдап, жарандарга ак ниет кызмат кылган кадрларды түптөп, элдин ишенимин жогорулатуу зарылдыгын эскертти.

"Азыркы мезгилде, жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып барууга, айыл өкмөттүн, акимдин, мэрдин коопсуздукка көңүл буруп, иш алып баруусун жеринде көрүп, ишмердигине баа берүүгө баарыңыздарда жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Анткени, кайсы гана аймакта болбосун коопсуздук туруктуу деңгээлде камсыздалмайынча, ал жерде эч качан өнүгүү болбойт. Чет элден келген инвестор болобу, жергиликтүү бизнесменби же чакан ишкерби – алардын баары коопсуздукка көңүл бурушат", - деген ал аймактарда видеокамераларды орнотуу менен шарттарды түзүп, кызматкерлердин иштөө ыкмасын жаңы деңгээлге чыгарып, "Коопсуз район", "Коопсуз облус" деген долбоорлорду түзүп, иш алып барууну табыштады.

Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.

Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий