• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМде Франциянын Улуттук жыйынынын депутаты менен жолугушуу болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Кечээ, 24-мартта КР ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Франциянын Улуттук жыйынынын депутаты Жак Мэр менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Аширходжаев Кыргызстандын укуктук системасын жаңы Конституцияга ылайык, толук масштабдуу реформа жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

"Өткөн жылы Кыргызстанда жаңы Конституция кабыл алынган, буга байланыштуу укуктук ченемдик актылар жаңы Конституцияга ылайык келтирилип, мамлекеттик аппаратты жана Кыргызстандын укуктук системасын толук масштабдуу реформалоо жүргүзүлүүдө. Ошону менен бирге жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында Кр Ички иштер органдары калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү орган катары түзүү жолунда турат. Ички иштер органдарын иштөөсүнүн башкы принциби бул – "Милиция саясаттан тышкаркы, милиция эл үчүн", – деди ал.

Министрдин орун басары бүгүнкү күндө Кыргызстандын милициясы ачыктыктын, жеткиликтүүлүктүн, социалдык өнөктөштүктүн заманбап демократиялык талаптарына толук жооп берип, адам укуктарын камсыз кылуу жана калкка сервистик кызматтарды көрсөтүү - ИИОнун артыкчылыктуу милдеттери болуп саналаарын айтты.

Өз кезегинде Жак Мэр Кыргызстандагы демократиялык кайра түзүүлөрдүн өсүшүнүн оң динамикасына көңүл буруп, Кыргызстандын укук коргоо органдары бардык жарандарына мыйзамда каралгандай бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыздап жаткандыгын белгиледи.

Ошону менен бирге Эркебек Аширходжаев КР ИИМ Кыргызстан ратификациялаган эл аралык конвенциялардан жана келишимдерден, анын ичинде рассалык басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө Конвенциядан жана аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө Конвенциядан келип чыккан эл аралык милдеттенмелерди камсыздап келет деп белгиледи.

Жолугушуунун аягында министрдин орун басары Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясына өлкөбүздөгү кырдаалга көңүл буруп, азчылыктардын, аялдардын укуктарын коргоо жана басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жаатында кызматташууга умтулгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий